Борбордун жашоочулары жана чарба субъекттери санитардык-экологиялык ченемдерди бузууну улантууда.  

20-майдан 23-майга чейин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 1 477 000 сом айып салынды.

Эң көп шаардыктар жана уюмдар КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча санитардык эрежелерди бузушкан.

Муниципалдык инспекция тарабынан санитардык абалды сактабаган  79 учур катталган.
Эреже бузгандарга жалпы суммасы 847 000 сом айып салынган.

Турмуш-тиричилик, курулуш, өндүрүштүк таштандыларды  таштагандар үчүн 45 протокол түзүлгөн,
КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 2-бөлүгүнө ылайык салынган айып пулдун жалпы суммасы 607 500 сом.

Экологиялык нормалар бузулган 3 учур катталды. Эреже бузгандарга өрттөө үчүн 22 500 сом айып салынган.  

Ошондой эле инспекция тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттер менен жанаша аймакты көрктөндүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Талапка брусчатка төшөө, жашылдандыруу, чөп чабуу жана санитардык тазалоо иштери кирет.

Урматтуу шаардыктар жана чарбакер субъекттер! Сураныч, таштандыларды жана тиричилик калдыктарын контейнер аянтчаларына жеткирип, тазалыкты жана тартипти сактаңыздар.