Борбор калаада "тамеки чегүү" боюнча рейддик иш-чаралар өтүп жатат.


Акимиаттардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышууда.


Ошентип, Октябрь районунун аймагында текшерүү учурунда 150 миң сом айып салынып, 3 протокол түзүлгөн. "Ориенталь", "Сплетни" жана "Шахерезада" мекемелерине айып пул салынды.


Биринчи май акимиатынын кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын башынан берки отчеттук мезгил ичинде тартип бузуучуларга каршы 11 протокол түзүлүп, 328 000 сом айып салынды.


Белгилей кетсек, рейддер "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык жүргүзүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоочулар жеке адамдын, башкача айтканда, тамеки чегүүдө кармалган жарандын жоопкерчилигин жана айып салынарын эскертет.