Мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен анын орун басарлары эртең мененки саат 6:00дөн жумуш убактысы башталганга чейин шаарды кыдырып, көчмө жыйын өткөрүшөт

Борбор калаанын муниципалитетинин жетекчилиги райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү тазалыкты жана тартипти текшерүүдө.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына санитардык бутоодон кийин жашыл аянтчаларды иретке келтирүү, чөптөрдү чабуу, ошондой эле сугат тармактарын тазалоо иштерин күчөтүү, туруксуз аба ырайына даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

"Тазалык" муниципалдык ишканасына  көрктөндүрүү нормаларына  жооп бербеген таштанды аянтчаларын  инвентаризациялоодон өткөрүү милдети коюлду.

Муниципалдык инспекцияга соода үйлөрүнүн жана башка чарбалык субъектилердин айланасындагы тазалыкты көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.  

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине борбордогу бардык мыйзамсыз объектилерди текшерүү жана демонтаждоо тапшырмасы берилди.

Свердлов районунда жол тыгынын болтурбоо максатында Аламүдүн базарынын айланасында башаламан сооданы иретке келтирүү, ошондой эле Жибек-Жолу проспектиси жана Т.Айтматов көчөсүнүн,  Шабдан Баатыр жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөлөргө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Октябрь районунда Токомбаев көчөсүндөгү аялдамаларды сырдоо, 7-кичирайондогу НТС телекомпаниясынын айланасындагы темир тосмонун мыйзамдуулугун кароо жүргүзүлөт.

Тиешелүү кызматтар Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан «Талисман» кафесинин унаа токтотуучу жайын текшерип, демонтаждап, бордюрларды орнотушат.

Ленин районунда Ош базарынын айланасында башаламан сооданы иретке келтирүү үчүн көзөмөл күчөтүлөт.

Биринчи май районунун Касымалы Баялинов көчөсүндө Тоголок Молдо көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин аялдама комплекстерди сырдап, ошондой эле имараттардын фасаддарын эстетикалык көрүнүшкө келтирет.

«Бишкекжарык» ишканасы Чыгыш бөлүштүрүү зонасы менен биргеликте шаардын айланасындагы мамыларды сырдайт.

«Бишкекасфальтсервис» МИсине бардык башталган иштерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, кызматтарга мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларды жоюп, жашыл аянтка айландыруу милдети жүктөлдү.

Белгилей кетсек, мэрлердин орун басарларынын протоколдук тапшырмаларын координациялоо жана аткаруу төрт райондун акимдери тарабынан ишке ашырылат.