КР Ички иштер министрлигинин демилгеси менен "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы гүл бакчаны көрктөндүрүү үстүндө иш алып барууда.

Учурда аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат, анын соңунда шаардыктар үчүн   Дзержинский атындагы жаңы көрктөндүрүлгөн сквер ачылат.

Белгилей кетсек, жаңы гүл бакчада  көк майсан себүү, эски авариялык бактарды кыркуу, ирригациялык тармактарды толук тазалоо, жарактан чыккан дүмүрлөрдү алуу, катуу тиричилик жана курулуш таштандыларын чыгаруу иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин КР ИИМ тарабынан   ийне жалбырактуу дарактар  отургузулган, ошондой эле   аймагында жаңы гүлзарларды жана бир жылдык гүлдөрдү отургузуу каралган. Мындан тышкары, автоматтык сугат тутумун орнотуу  иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбордогу жашыл аянттарга аяр мамиле жасоону жана жашыл аймактарга тиешелүү бардык маселелер боюнча 37-53-30 номерине же Ташкент  көчөсү, 17 дарегине кайрылууну өтүнөт.