Капиталдык крулуш башкармалыгы Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан №8 бала бакчага кошумча корпустун курулушун улантууда.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу, 160 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты - 987,90 чарчы метр.
Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн - зоок, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал каралган.

Учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, ички жана сырткы жумуштары жүрүүдө.
Андан тышкары балдар аянтчасын куруу иштери уланууда.

Подряддык уюм “Гипер Строй” ЖЧКсы иш алып барууда.