Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери коомдук транспортто үзгүлтүксүз рейд өткөрүшөт.

Рейддердин жүрүшүндө төмөнкү аспектилер текшерилет:
- санитардык нормаларды сактоо;
- троллейбустардын техникалык абалы;
- айдоочулар үчүн жарактуу талондордун болушу;
- кыймыл аралыгын көзөмөлдөө;
- төлөм ыкмалары, анын ичинде QR коду аркылуу төлөмдөр.

Белгилей кетсек, чаралар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган.