Каракол шаарында балдар жана өспүрүмдөр арасында каратэ-до SKIF боюнча    республикалык ачык турнир  өттү.

Мелдешке Ош, Жалал-Абад, Чүй, Нарын облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан 400дөн ашык спортчу катышты.

Ошондой эле  бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук  мектебинин шотокан каратэ-до бөлүмүнүн тарбиялануучулары катышып, жеңишке ээ бюолушту.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

Амантай Абдимиталипов – 1-орун;
Арнел Саматов – 1-орун;
Тагай Жолочиев – 1-орун;
Атай Солтобеков – 1-орун;
Умар Исмаилов – 1-орун;
Элшан Акимов – 1-орун;
Айелина Жолочуева – 1-орун;
Айдар Жолчиев – 1-орун;
Арууке Эргашева – 1-орун;
Рауф Кыдыралиев – 1-орун;
Азиз Муратов – 1-орун;
Эмин Абдураимжанов – 1-орун;
Эмир Тентимишев – 1-орун;
Нурсултан Асанов – 1-орун;
Бакытбек Жузмалиев – 1-орун;
Адилхан Моңолдоров – 1-орун;
Мансур Сыдыков – 2-орун;
Ариет Балтабаев – 2-орун;
Айбике Кожобекова – 2-орун;
Амина Пазылова – 2-орун;
Бектур Искендеров – 2-орун;
Шавхат Байсеитов – 2-орун;
Мариям Сыдыкова – 2-орун;
Элмырза Байышов – 2-орун;
Сайфулла Жанарбеков – 3-орун;
Радмир Шералиев – 3-орун;
Амирхан Валиев – 3-орун;
Нурсултан Рахатбеков – 3-орун;
Нуртилек Саидов – 3-орун;
Канышай Зарылбекова – 3-орун;
Акылай Бактыбекова – 3-орун;

Мелдештин максаты — шотокан каратэ-до спортун  жайылтуу, сергек жашоого үндөө, спортчулар менен машыктыруучулардын ортосундагы достукту чыңдоо, ошондой эле спортчулардын чеберчилигин жана соттордун даярдык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чара КР «Сетокан» каратэ-до SKIF улуттук федерациясы жана  «Каратэ-до Шотокан Акула» коомдук уюму тарабынан уюштурулду.