Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти Кыргыз-Корея колледжи менен меморандумга кол койду.

Борбор калаанын мектептери үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, меморандумдун алкагында окуучуларды инновациялык технологиялар багытында окутуу үчүн 15 мектеп тандалып алынат.

Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдери STEM тармагында квалификациясын жогорулатып, тажрыйба алмаша алышат.