Мэрдин орун басары Рамиз Алиев Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов менен бирге  конуштун тургундарын жаратылыш газынын берилиши менен куттуктап, башкы директордун орун басары Мурат Сулаймановду жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында конушта 10 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулган. Бардыгы болуп 752 кожолукка экологиялык жаратылыш газы менен жылытуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Өз кезегинде тургундар Бишкек шаарынын мэриясына жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсына көгүлтүр от менен камсыз болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундарды газдын бар-жогун текшерүү үчүн үйлөрдүн бирине чакырышты.