Шабдан Баатыр көчөсүн бойлой 7-апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкеде тротуар куруу иштери башталды.

Адистер эски асфальтын алып салуу, ошондой эле эски бордюрларды жана ирригациялык системаларды демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Учурда Курманалиев көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейинки жолдун түндүк тарабында оңдоо иштери башталды.

Подряддык уюм – “Дорсервис”.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Шабдан Баатыр көчөсүндөгү тротуардын 7-апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы оңдолгон.