Бишкек шаарында бийдин бардык түрлөрү боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин чемпионаты өттү.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 190 бий тобу катышты.

Ошентип,  И.В. Гете атындагы  №23 окуу тарбиялык комплекси мектеп гимназиясынын «Алексис» бий студиясы Татьяна Кибкалонун жетекчилиги астында  үч биринчи орунду ээлеп, Гран-приге ээ болду.

Кошумчалай кетсек, ушул эле гимназиянын Юлия Сабанова жетектеген «Багира» бий студиясы  эки биринчи орунду ээлеп, эки Гран-при кубогуна ээ болушту.

Белгилей кетсек, хореографтарга эстрадалык жана сюжеттик бийлердин мыкты коюучуларынын дипломдору тапшырылды.