Бишкек шаарынын мэриясы № 57 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары болуп иштеген, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” Абылаева Нурия Абылаевнанын  оорудан улам  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ал 1940-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында туулган. 1967-1972-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда “Орто  мектептер үчүн кыргыз тили жана адабияты мугалими” адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолун 1972-жылы Фрунзе шаарындагы № 58 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалиминен баштап, кийин билим берүү мекемелеринде эмгектенген. 1999-жылдан тартып 2024-жылга чейин №57 мектепте иштеген.

Окуучулар үчүн колдонулган бир нече китептин автору, мугалимдер үчүн усулдук колдонмолорду иштеп чыккан.

Нурия Абылаева «Кыргыз ССРинин элге билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, «Эмгек ардагери» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коомунун  «Ыйык тил» төш белгиси, «Кыргыздын алдыңкы айымы» төш белгиси менен сыйланган,  ага «Методист мугалим», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамдары ыйгарылган.

Азыркы учурда Нурия Абылаевнанын 2 кыз, 3 уул, 10 небереси бар.

Өз өмүрүн балдарга, мектепке, билим берүү тармагына, мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилибизге арнаган алдыңкы усулчу мугалимдин жаркын элеси ар дайым   жүрөгүбүздө сакталат.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!