Борбор калаада Биринчи май районунун №86 орто мектебинин базасында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага райондун акими  Сарылбек уулу Улан, акимдин  орун басары Айнура Арстамбекова, КР илимдер академиясынын илимий кызматкери Молдожунусов Кыргыйбек, райондук билим берүү борборунун, ошондой эле директордун орун басарлары, мамлекеттик тил мугалимдери,  тарых мугалимдери жана мектеп окуучулары катышты.

Аким Сарылбек уулу Улан катышуучуларды Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, бул тарыхый окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, анын Кыргызстандын   өнүгүүсү үчүн маанисин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхы жана белгилүү инсандар тууралуу видео презентациялар көрсөтүлдү, анын баарын кыргыздын улуттук аспаптары менен оркестр коштоду.

Иш-чаранын максаты-кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, улуттун жана мамлекеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү инсандар жөнүндө айтып, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого көмөктөшүү болуп саналат.

Иш-чаралар КР Президентинин   “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө”   Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.