Бангкок шаарында 2024-жылдын 24-майында бокс боюнча экинчи Олимпиадалык тандоо турнири башталат.

Кыргызстандын атынан 6 спортчу катышып, жалпысынан 28 лицензия үчүн ат салышат.

Команданын курамында спорттун күрөш боюнча олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучулары да бар:
- Анваржон Ходжиев (51 кг чейин);
- Аскат Култаев (63,5 кг чейин);
- Бекжигит уулу Өмүрбек (80 кг чейин);
- Адылбек уулу Эркин (92 кг чейин).

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларга ийгилик жана жеңиш каалайт!