Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев нөөмөт транспортунда шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан объектилерди кыдырып чыкты.

Калаа башчысы реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан төмөнкү объектилерди текшерди:
- Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасы;
- «Чыгыш-5» кичирайонундагы 18/1 имараты, (мурдагы «Рояль») ал жерде мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурулат;
-  "Ала-Тоо" борбордук аянты;
- Эркиндик бульвары.

Ошондой эле Республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борборунун аймагындагы стадиондун курулушу менен таанышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга иштин сапаты жана бүтүрүү мөөнөттөрү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.