Октябрь акимиатынын башчысы Жаныбек Орозалиев райондо жайгашкан 19 билим берүү мекемесинин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жолугушууда борбор калаадагы чет элдик студенттер менен болгон акыркы окуя жана шаардагы окуу процессин калыбына келтирүү жана туруктуулукту  сактоо боюнча зарыл чаралар талкууланды.

Прокурордун орун басары жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары катышты.

Жыйынтыгында ЖОЖдордун жетекчилигине чет элдик студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы боюнча сунуштар берилди.

Прокурордун орун басары менен Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандар, бул учурда студенттер иштөөгө укугу жок экенин билдирип, эгерде эмгектенген фактылар аныкталса, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн баса белгилешти.

Башчы ЖОЖ өкүлдөрүнө жакында студенттерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзө турганын билдирди.