Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Көлмө конушунун Максат көчөсүндөгү китепкананын курулушун улантууда.

Учурда 1-кабатына кирпич коюу иштери жүрүп, 3-кабаттын монолиттүү полун бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Долбоор көп функциялуу, окуу жана абонемент бөлмөлөрү бар, 3 кабаттуу имарат. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, жайлардын жалпы аянты 622,62 чарчы метрди түзөт.

Долбоор биринчи жана экинчи кабаттарда 78 адамга ылайыкталган окуу залдарды, кызматкерлер үчүн кеңсе жана техникалык бөлмөлөрдү камтыйт.