Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Токиодо өткөн SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышты.

Иш-чара 5 континенттен 48 шаар лидерлерин бириктирген масштабдуу диалог аянтчасы болуп саналат, анда пикир алмашуу жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы технологияларды жана стратегияларды талкуулоо өткөрүлөт.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Осоев Эркинбек Арстанбекович катышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары Борбор Азиядагы SusHi Tech Tokyo 2024 ардактуу конок катары көрсөтүлгөн жалгыз шаар болгон.

SusHiTech Tokyo 2024 бир нече программаларды камтыган, анын ичинде шаардык Лидерлер, глобалдык стартап -программасы жана демонстрациялык программасы.

Айбек Джунушалиев шаар жетекчилерине арналган программада сөз сүйлөп, анда Бишкек шаарынын мэриясынын борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абага чыгарууну нөлгө түшүрүү боюнча ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Бишкек шаарынын мэри шаарды өнүктүрүүгө жана заманбап чакырыктарга ыңгайлашууга жардам берген туруктуу чечимдерди жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча Бишкектин тажрыйбасы менен бөлүшүп, глобалдык маселелерди чечүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бишкектин SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышуунун негизги максаты шаарды мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү, билим алмашуу жана мыкты тажрыйбаларды алуу болгон.

Айбек Джунушалиев бул иш-чарага катышуу Бишкек үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, шаардын инфраструктурасына акыркы технологияларды киргизүүгө жардам берерине ишеним билдирди.

Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын мэринин Токиого болгон иш сапарынын алкагында практикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү улантуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы менен «Nikken Sekkei Ltd» компаниясынын ортосунда  шаар куруу жана архитектура жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев да бул иш-чарага катышып, жолугушуунун соңунда  «Nikken Sekkei Ltd» компаниясы менен келишим түздү.

Бишкек шаарында Nikken Sekkei Ltd компаниясы борбор калаа тургундарынын бардык муктаждыктарын жана ыңгайлуулуктарын эске алуу менен шаардын мастер -планын иштеп чыгууну пландаштырууда.

Белгилей кетсек, бул компания Борбор Азияда биринчи жолу шаар куруу долбоорун ишке ашырмакчы.

Жалпы маалымат: Nikken Sekkei Ltd – бул экологиялык жана экономикалык туруктуулукка, функционалдуулукка жана келечектүү ой жүгүртүүгө багытталган комплекстүү архитектура жана шаар куруу чечимдерин сунуш кылган дүйнөдөгү №1 жапон компаниясы. Компания бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн масштабдуу долбоорлорду ишке ашырды, мисалы: Кытайдагы Шанхай Гренландия борбору, «Линия жизни» Сингапур  темир жол коридору, Красноярск акылдуу шаарынын түзүлүшү, Эр-Рияддын түндүк бөлүгүнүн башкы планы, Коломбо порт шаарынын Жаңы каржы району, Форте Тауэрс – Дубай опера району, Япониядагы көптөгөн долбоорлор, Владивостоктун борбордук бөлүгүнүн мастер-планы, Москванын стратегиялык шаар пландоосу (Рублево-Архангельск “акылдуу шаар”) ж.б.