Октябрь районунда баңгизат саткан  интернет-дүкөндөрдүн жарнамасына каршы активдүү күрөш жүрүп жатат.

Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен  баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу, баңгизаттар рыногун жоюу  жана жаштар арасында баңгизаттарга суроо-талапты азайтуунун натыйжалуу жолдорун издөө мамлекеттин актуалдуу милдети болуп саналат.

Акимчиликтин, МАБдын жана РИИБнын кызматкерлери тарабынан мектептердин аймактарында рейддер жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө баңгизат саткан интернет-дүкөндөрдүн   100дөн ашык жарнамалары өчүрүлдү.

Эскерте кетсек, мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.