Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында прокуратуранын, укук коргоо органдарынын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өттү.
Күн тартибинде башка маселелер менен катар чет элдик жарандардын катышуусунда болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу коомдук-саясий абал талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан эл көп чогулган жайларда, өзгөчө окуу жайларда жана чет элдик студенттер жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү боюнча чечим кабыл алынды.
Борбор калаанын төрт районунун башчыларына КР миграциялык мыйзамдарын бузган адамдарды аныктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле, муниципалдык аймактык башкармалыктарга райондук кызматкерлер менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерлеринде түшүндүрүү иштерин улантуу милдети коюлду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине Билим берүү министрлиги менен биргеликте окуудан чыгарылган чет элдик студенттердин Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгүн аныктоо максатында иш жүргүзөт.
Укук коргоо органдары мындан аркы биргелешкен зарыл чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына ыкчам маалымат берип, ошондой эле жарандарды керектүү маалыматтар менен камсыз кылуулары керек.
Борбор калаада алдыда боло турган жол жумуштарын жүргүзүүдө тартипти камсыздоо маселеси боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин МККБ жана Транспорт департаментине борбор калаанын жолдорун оңдоодо жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, автотранспорттордун кыймылынын альтернативдүү варианттарын сунуштоо, ошондой эле калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
«Электр станциялары» ААК филиалы – «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасына иштин мөөнөтүн карап чыгып, оңдоо иштерин тез арада бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле окуу жылынын башталышына чейин бардык жол иштери бүткөрүлүшү керектиги айтылды.