Борбор калаадагы Октябрь районунун №3 орто мектебинде жашы жете элек өспүрүмдөр жана жаштар арасында укук бузууларды жана баңгиликти алдын алуу маселеси боюнча координациялык кеңешме өттү.
Ага райондук прокуратуранын, ИИМдин ички иштер бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, райондун мектептеринин жана лицейлеринин, тарбия иштери боюнча орун басарлары, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча органдарынын жана мекемелеринин иши талдоого алынып, билим берүү мекемелеринин, социалдык өнүгүү кызматкерлеринин, МАИ инспекторлорунун, медицина кызматкерлеринин жана МАБдын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугуна баа берилди. .
2023-2024-окуу жылында жашы жете электердин арасында жана аларга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча программаны ишке ашыруу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.
Профилактикалык системанын маанилүү элементтеринин бири болуп “кыйын” өспүрүмдөрдүн жумушка орношуусу жана эс алуусу, майрам мезгилинде балдардын ата-энелеринин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда өткөргөн убактысын чектөө саналат.
Райондук профилактика системасынын тиешелүү кызматтарына балдар жана өспүрүмдөр, ошондой эле чоңдор тарабынан аларга карата жасалган укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди.
Отурумдун жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга баңгизатка каршы күрөшүү программасын ишке ашыруунун алкагында бекитилген комплекстүү иш-чаралар планына ылайык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бир катар профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү чечими кабыл алынды.