Алсак, Свердлов районунун бардык 8 муниципалдык аймактык башкармармалыктарында баңгизат каражаттарын көчөдө жарнамалоону жоюу боюнча профилактикалык рейд өткөрүлдү.
Бузуучулар үгүт жазууларын имараттын фасадына, тосмого, аялдамаларга, отургучтарга, таштанды челектерине жазып кетишет. Көптөгөн адамдардын көңүлүн бурдурат. Ал эми мындай "жарнамалар" коркунучтуу гана эмес - алар шаардын көрүнүшүн дагы бузат.
Баңгизатын колдонууга үгүттөгөн жана аларды колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө байланыш маалыматтарын камтыган жазуулар сырдалып, тазаланды.
Мындай иш-чаралардын негизги максаты имараттарга жана курулуп жаткан объектилерге жазылган «сырткы жарнамалар» аркылуу психотроптук заттардын жайылышына бөгөт коюу, жарандарды сергек жашоого үндөө, баңги жана психотроптук заттарды колдонуучулардын санын, ошондой эле тыюу салынган заттарга болгон суроо-талапты азайтуу болуп саналат.