Бүгүн,  18-майда Бишкек шаарында “Дени сак болуу– мода” ураанынын алдында жаштар арасында баңги заттарга каршы акция/жүрүшү  өттү.

Иш-чарага БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, шаардыктар, студенттер, ошондой эле спорт жана эстрада жылдыздары катышты.

Жүрүш Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында башталып,  Т.Усубалиев атындагы аянтта аяктады. Жалпысынан 1000ден ашык адам катышты.

Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Акциянын катышуучулары жаштар арасындагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүнө көңүл буруу жана бул терс көрүнүш менен күрөшүү боюнча коомдук кыймылды активдештирүү маанилүү экенин белгилешти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К. Ташиевдин тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү.