Бүгүн, 18-майда Мустафа Кемал Ататүрк сейил багында жазгы ишембилик  өттү.

Парктын аймагын тазалоого борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери борбор калаанын ардагерлери, Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери  катышты.

Мындан тышкары, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактарда ишембилик өткөрүлду.

Учурда таштандыларды атайын бөлүнгөн жерлерден чыгаруу иштери башталды.