Күжүрмөн спорттун олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары жаштар жана өспүрүмдөр арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш Актау шаарында (Казакстан) 11-майдан 18-майга чейин өтүүдө.

Спортчулар төмөнкүдөй байгелерге ээ болушту:
- жаш балдар арасында:
Эрбол Авалбеков – 1-орун;
Улан Таалайбеков – 3-орун;
Нурай Алмазова – 3-орун.

балдар арасында:
Касымбаев Талип 98 кг, 1-орун,
Темирбеков Азамат 64 кг, 1-орун,
Ворошилин Никита 88 кг, 1-орун.

- жаштар арасында:
Артур Сансызбеков – 1-орун;
Эмирхан Жолдошказиев – 1-орун;
Искандер Нармухамеддов – 3-орун;
Самарбек Турдуматов – 3-орун (күжүрмөн самбо);
Арген Солтоев – 3-орун (күжүрмөн самбо).