Борбор калаада Энелер күнүнө арналган майрамдын алдында төрт райондун акимдери көп балалуу энелерди куттукташты.

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев райондогу көп балалуу энелерге барып, акчалай сертификаттарды, ошондой эле азык-түлүк баштыктарын тапшырды.

11 баланы төрөгөн Гүлбара Алыбаева менен 7 баланын энеси 35 жаштагы Мээрим Жакшымбетовага азык-түлүк баштыктары  жана сертификаттар тапшырылды.

Көп балалуу энелерди Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов куттуктап, акчалай сертификаттарды тапшырды.

Халидахон Абдурахманова 7 баланын энеси. 2021-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган.

Назгүл Кадыркулова 7 баланын энеси. 2022-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган.

Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан райондогу көп балалуу энелерге ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырып, ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.

Айгүл Асылбекова 8 баланын энеси. 2022-жылы Баатыр-Эне ордени менен сыйланган.

Клара Абылова 7 баланын энеси. 2021-жылы Баатыр-Эне ордени менен сыйланган.

Наске Молдомуратова 10 баланын энеси. 1979-жылы Баатыр-Эне ордени менен сыйланган.

Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков Рухий-Мурас жаңы конушунда жашаган көп балалуу энени куттуктады.

9 баланын энеси Кымбат Тюлебаевага сертификат тапшырып, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалады. 2018-жылы “Баатыр-Эне” ордени менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Энелер күнү 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.