Шаар тургундарынын кайрылуусуна байланыштуу борбор калаадагы жол тилкелерин капиталдык оңдоо иштерин баштоо мөөнөтү жылдырылды.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-май күнү кечинде Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев  көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө  чейин жана И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Токтоналиев  көчөсүнө чейин жабылат.

Буга байланыштуу, аталган жол бөлүктөрүн коомдук транспорттун айланып өтүүсү төмөндө көрсөтүлгөн көчөлөр боюнча жүргүзүлөт. Андан ары бекитилген кыймыл чийме боюнча уланат.

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт”муниципалдык ишканасынын автобустары:

- №6 Токтоналиев жана Сухомлинов көчөсү менен;
- №9 Токтоналиев жана Сухомлинов көчөсү менен;
- №49 Токтоналиев көчөсү менен Масалиев көчөсүнө чейин;
- №51 Масалиев жана Ч.Айтматов көчөсү менен;
- №52 Ч.Айтматов, Масалиев жана Токтоналиев көчөсү менен;
- №55 Масалиев, Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөсү менен;
- №56 Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин жана Масалиев көчөсү менен;
- №100 Ч.Айтматов, Жаманбаев жана Малдыбаев көчөсү менен;
- №103 Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин, Масалиев көчөсү менен;
- №146 Жукеев-Пудовкин көчөсү менен;
- №152 Токтоналиев жана Медеров көчөсү менен.

Ошондой эле  №6 жана №10 троллейбус каттамдары убактылуу жабылат. “з-д Фрунзе-Аламедин-1 кичи району” боюнча  каттаган №3, “Асанбай – Аламедин-1 кичи райондору” боюнча каттаган №15 троллейбус каттамдары ишке берилет.

Андан тышкары №11 троллейбустун кыймыл чиймеси жарым жартылай өзгөрөт.  Ахунбаев көчөсү менен Тыналиев көчөсүнө бурулат (жогорку Жал).

“ЭКО жүргүнчү ташуу” ЖЧКсынын автобустары:
- №10 Айни көчөсү менен Токтоналиев көчөсүнө;
- №11 Токтоналиев көчөсү мене Айни көчөсүнө;
- №31 Ч.Айтматов көчөсү, Айни, Токтоналиев көчөсүнө.

Кичи автобустар:
- №101 Ч.Айтматов, Айни жана Токтоналиев көчөсү менен;
- №131 Ахунбаев, Тыныстанов көчөсү менен Сүйөркулов көчөсүнө чейин жана кайра ушул маршрут;
- №147 Ч.Айтматов, Айни жана Тыныстанов көчөсү менен;
- №150 Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев көчөсү менен;
- №199 Юнусалиев, Ахунбаев көчөсү менен;
- №200 Токтоналиев, Айни көчөсү менен;
- №201 Ч.Айтматов, Микоян жана Токтоналиев көчөсү менен;
- №252 Жукеев-Пудовкин, Ахунбаев көчөсү менен;
- №295 Масалиев, Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев көчөсү менен;
- №104 Малдыбаев, Жаманбаев, Токтоналиев жана Айни көчөсү менен;
- №106 Токтоналиев, Сухомлинов көчөсү менен;
- №130 Ч.Айтматов, Айни (Сухомлинов) жана Токтоналиев көчөсү менен;
- №132 Токтоналиев, Сухомлинов (Айни), Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөсү менен;
- №136 Токтоналиев жана Айни көчөсү менен;
- №175 Жукеев-Пудовкин көчөсү менен;
- №202 Ч.Айтматов, Айни жанаТокомбаев көчөсү менен;
- №204 Токомбаев, Сухомлинов көчөсү менен (Айни);
- №215 Жукеев-Пудовкин, Ахунбаев, Токомбаева жана Айни көчөсү менен.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев  көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан маршрутту алдын-ала пландап алууну өтүнөт. Жол тыгынын алдын алуу үчүн жеке унаалардын ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.