Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан "Төкөлдөш"конушунда рейд жүргүзүлдү. Аталган аймакта тартип бузган эки адам аныкталды.

Катуу тиричилик таштандыларын Октябрь көчөсү, 250 дарегинде  иштеген "Манки" фотостудиясы чыгарган.

Ээси-жеке ишкер М. Д.И. – КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн айып пул алган.

Ошондой эле "Төкөлдөш"конушунун  дагы эки тургунуна протокол түзүлдү. Алар муниципалдык аймакка курулуш таштандыларын ыргытып, 115-берененин 1-бөлүгүн бузушкан.  Ар бир жеке адамга 5500 сомдон айып салынат.

Октябрь району боюнча шаардыктар жана чарба субъекттер жалпысынан 179 500 сом суммасында Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузушкан.  

Бул багытта муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан рейд күн сайын жүргүзүлүүдө жана улантыла берет.