Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков менен Рейнланд-Пфальц федералдык мамлекетинин (Германия Федеративдик Республикасы) делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

Мирланбек Байгончоков борбор калаанын муниципалитети биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Тараптар Бишкек шаарынын инфраструктуралык долбоорлорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, тактап айтканда, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайды курууга, суу менен камсыздоо жана жылуулук менен камсыздоо тармагына жана башкаларга кызыкдар экендигин билдиришти.

Мэрдин биринчи орун басары муниципалитет да өз кезегинде борбор калаанын ишкерлери менен жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Иш-чаранын катышуучулары Рейнланд-Пфальц федералдык делегациясынын мүчөлөрүнүн ар кайсы багыттар  боюнча кыскача баяндамасын угушту, анын жыйынтыгында шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Бул долбоорлорду ишке ашыруунун баскычтарын мындан ары кызматташуу үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен түз талкуулоо чечими кабыл алынды.