“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы авариялык абалдагы бактарды алуу иштерин улантууда.

Картайган, илдетке чалдыккан жана куураган  дарактар кооптуу деп эсептелет, анткени алар каалаган убакта кулап кетиши мүмкүн.

Кандай дарактар кооптуу деп эсептелет?

Кооптуу бак-дарактарды жок кылуу алардын коркунучунан улам келип чыккан зарылчылык болуп саналат. Кооптуу дарактар:
- куурап калган бутактардын көптүгү;
- куураган же боштуктардын болушу;
- ичке жана ошол эле учурда өтө бийик тулкуга ээ;
- ар кандай инфекциянын белгилери бар болсо (грибоктун өсүшү, мите курттар топтолгон жерлер).

Авариялык куурап калган дарактарды алуу иштери кандай жүргүзүлөт?

Эреже катары, кооптуу бак-дарактарды кыюу бир нече бөлүк менен жүргүзүлөт, ар бир бөлүгү кылдаттык менен кесилип,  айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен жерге түшүрүлөт.

Этап менен жүрүүчү процесс төмөнкүдөй:
- ишти жүргүзүү үчүн уруксат алуу;
- үстү куурап калган бутактарды ылайыктуу ыкма менен кыюу;
- сөңгөгүн жана чоң бутактарын кылдаттык менен бутоо;
- калдыктарды алып салуу.

Катуу шамалда карыган бак-дарактардын кулаган учурлары көбөйгөндүктөн, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы авариялык куурап калган жана илдетке чалдыккан дарактарды алуу жана санитардык бутоо иштерин жүргүзүүдө.