Бишкектин тургундары таштандыларды тротуарларга, контейнерлердин жанына жана газондорго ыргыта башташты.

Ушундай эле окуяга муниципалдык инспекторлор тарабынан бөгөт коюлган. Мыйзам бузуучу Коңорчок көчөсү, 41 дарегине  белгиленбеген  жерге тигүү калдыктарын таштоого аракет кылган. Шаар тургуну Н.Т.га  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен 7500 сом айып салынган.

«Победа» ЖЧКсынын кызматкерлери Рысмендиев көчөсүндөгү таштандыларды өрттөп, андан арылууга аракет кылышкан. Аталган ишканага КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин  115-беренесинин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн 23 000 сом айып салынды.

«Стрим Групп» ЖЧКсы да таштандыларды туура эмес жерге ыргытып, көрктөндүрүү эрежелерин сактаган эмес. Аталган ишкана КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 23 000 сом өлчөмүндө жоопкерчиликке тартылды.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин бузгандыгы үчүн Биринчи май районунун тургуну С.Б.га 3000 сом айып салынды.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер, ижарачылар жана борбордун коноктору! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз.