№8 С.Кийизбаева атындагы балдар искусство мектебинин директору – Ракишев Малик Кубанычбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына  байланыштуу Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлери орду толгус оор жоготууга учурады.

Малик Ракишев Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин системасындагы эмгек жолун Б. Бейшеналиева атындагы институтту аяктагандан кийин, 1983-жылдан тартып  П. Ф. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде "атайын фортепиано" классынын мугалими болуп эмгектене баштаган.

Ал өзүн чыгармачыл, компетенттүү, дилгир мугалим, мектептин фортепиано бөлүмүнүн башчысынын орун басары катары көрсөтүп, жоопкерчилиги жана зор уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланып,  кийин директордун орун басары болуп дайындалган.

1987-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин искусство жана маданият окуу жайлары боюнча республикалык методикалык кабинетинин директору болуп дайындалган, ал ошол жылдары искусство жана маданият чөйрөсүндө кесипкөйлүктү андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн атайын билим берүү жаатындагы педагогикалык изденүүлөрдүн жана жетишкендиктердин эпиборбору эле.

Малик Ракишев искусство жана маданият тармагындагы окуу жайлары үчүн окуу-усулдук колдонмолордун, анын ичинде музыканттар арасында популярдуу болгон “Чет элдик музыкалык терминдердин сөздүгү” сыяктуу окуу куралдарынын авторлорунун жана түзүүчүлөрүнүн бири болгон.

2000-жылдан 2015-жылга чейин Ракишев М.К. Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгында башкы адистен жетекчиге чейин иштеген. Андан кийин Малик Кубанычбекович №8 С.Кийизбаева атындагы балдар искусство мектебин жетектеди.

Ракишев М.К.  жогорку кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү, уюштуруучулук жөндөмү жана өз кесибине чыгармачылык мамилеси менен айырмаланган.

Жоопкерчиликтуу, максатка умтулган уюштуруучу жана жетекчи балдар искусство мектептеринин директорлор кеңешинин төрагасы болуу менен бул окуу жайлардын ишинин бардык тармактарын координациялап, жаш таланттарга атайын тарбия, эстетикалык жана адеп-ахлактык тарбия берүү милдеттерин ишке ашырган.

Маданият жана искусство тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, кызматтык милдеттерин абийирдүү аткаргандыгы үчүн Маданият башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары (2001), Билим берүү жана маданият министрлигинин (2002) Ардак грамоталары менен сыйланган  жана «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» төш белгиси (2005-ж.), «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси ыйгарылган.

Бишкек шаарынын мэриясы М.К.Ракишевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына  байланыштуу орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшүп,  Малик Кубанычбековичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.