Медайымдардын күнүн майрамдоонун урматына борбор калаанын муниципалитетинде сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева медайымдарды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү адистер Ардак грамота менен сыйланышты:

Адилова Нюрниза Садыкжановна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтунун анестезиология, реанимация жана жаңы төрөлгөн балдарды реабилитациялоо бөлүмүнүн улук медайымы;

Джексимбекова Гульжан Курманбековна - Бишкек шаардык № 2 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын диета боюнча медайымы;

Илипова Касиет Сырдыбековна - № 2 клиникалык төрөт үйүнүн эне жана баланын бирге болуу бөлүмүнүн медайымы;

Чоюбекова Рая Джусуповна- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтунун дарыкана кампасынын адиси.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтунун рентген-хирургия жана курч коронардык синдром бөлүмүнүн операциялык медайымы Тургунбай кызы Бактыгүл  сыйланды.