Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын бардык тургундары таза суу менен камсыз болгонун белгилейт.
Муниципалитет Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын пайдалануунун эрежелеринин 5.2.1. (Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 104 токтомунун редакциясына ылайык) төмөнкүлөрдү эскертет:
«Ичүүчү суу менен жашыл жерлерди сугарууга, короо-сарайларды, килемдерди, унааларды, механизмдерди белгиленбеген ж.б. жерлерде жууп тазалоого катуу тыюу салынат».
Кошумчалай кетсек, жогорудагы эрежелерге ылайык, суу эсептегич болсо таңкы саат 00:00дөн 05:00гө чейин жашыл жерлерди сугарууга уруксат берилет.
Муниципалитет тарабынан такай текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталса, протокол түзүлүп, КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 119-беренесине ылайык 1000 сом өлчөмүндө айып салынат.
Бул маселени муниципалдык инспекция жана МАБ көзөмөлгө алат.
Калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында мэр Айбек Джунушалиев 2023-жылдын ноябрында "Бишкексууканал" МИсине тиешелүү иштерди күчөтүлгөн режимде жүргүзүүнү жана бардык аракеттерди таза суу менен камсыздоону жакшыртууга багыттоо тапшырмасын берген.
Жасалма толтурулган 9 көлдүн түбү жана жээги тазаланып, Орто-Алыш суу алгычынын аймагында 10чу ушуга окшогон көлдү түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Адышев көчөсүнө суу түтүктөрү курулуп, Көк-Жар суу алгычтын аймагына жаңы насостук станция орнотулду. Бул иштер Орто Алыш суу алгычындагы жүктү азайтуу максатында жүргүзүлдү.
“Бишкексууканал” ишканасы да Орто-Алыш суу алгычындагы кудуктардагы кумду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле «Башкара-Суу» суу алгычында 5 скважина бургулоо иштери жүрүп жатат. «Северный» суу алгычында эки скважинаны бургулоо аяктады.