2023-жылдын титулдук тизмесине ылайык Матросов көчөсү боюнча Кулатов көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Жолдун негизин даярдоо жана асфальтбетон аралашмасын төшөө пландаштырылууда.

Оңдоо иштерин баштоо үчүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев, Октябрь районунун башчысы Жаныбек Орозалиев, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башчысы Бакытберди Бекбоев жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйындын  жүрүшүндө мэрдин орун басары "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына субподрядчы менен биргеликте жолду асфальттоого даярдык көрүүнү тапшырды, ошондой эле муниципалдык администрацияга жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына Л.Толстой көчөсүн  Матросов көчөсүнө  чыгаруу  мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилди.

Бүгүнкү күндө кызматкерлер базардын соодагерлери менен жол тосуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы тротуарды капиталдык оңдоо, ирригациялык системаны орнотуу жана эски асфальтын алып салуу иштери аяктаган.

Иштин тапшырыкчысы Октябрь акимиаты, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы  аткаруучусу, "Бета групп" ЖЧКсы  субподрядчысы болуп саналат.