Октябрь районундагы №63 мектеп-гимназиясында “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү жана өнүгүшү” деген темада иш-чара  өттү.

Ага  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А. Айдарбеков, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Д.Б. Сапаралиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Октябрь акимиатынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин жетекчилиги катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты Ч.А. Айдарбеков Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү боюнча докладын окуп, профессор Д.Б. Сапаралиев жана №100 мектептин директору М.Б. Асанов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана чыңдалышына, кыргыздардын бири-биринен айырмаланган этномаданий аймактарын бирдиктүү аймактык-административдик бирдикке топтоштурууга, турмуштун социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон чыгаан инсандардын ролуна токтолду.

№63 мектеп гимназиясынын тарых мугалими К.М. Шергазиев жана анын окуучулары тарабынан ошол кездеги улуттук интеллигенциянын өкүлдөрү К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Б.Исакеев ж.б камалышы, аларды ички иштер элдик комиссариатынын суракка алуусу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү  боюнча театралдаштырылган көрсөтүү жана ачык сабак уюштурулду.

Тегерек стол мектеп окуучуларынын “Урааным Манас” айтуусу менен аяктады, андан соң бардык катышуучулар Ч.Т. Айтматов атындагы мектеп музейине барышты.  

Мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муунга чоң таасир калтырып, патриоттуулукту ойготуп, жан дүйнөсүндө эң сонун сезимдерди калтырып, өз Мекени үчүн сыймыктануу сезимин ойготот.