Үсөнбаев көчөсү,  29/1 дарегиндеги уруксаты жок 18 күркөнү  демонтаждоо иштери башталды.

Буга чейин Жер пайдалануу контролдоо боюнча  башкармалыгы күркө   ээлерине өз ыктыяры менен алууну  талап кылган билдирүү тараткан.

Бул мүлктөрдүн ээлери муниципалитеттин талабына көңүл бурушкан эмес. Учурда алуу иштери башталды.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону  суранабыз, эгерде мыйзамсыз объектилер аныкталса,   Жер пайдаланууну контролдоо  боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрөт.