Свердлов райондук акимиатында балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Комиссиянын курамына акимдин орун басары Асел Садыкова, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун жетекчилери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирди.
Күн тартибине мектеп-интернаттарга, мектептерге жайгаштыруу, мүлктүк жана укук бузуулар боюнча 43 материал каралды.
Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иш алып баруу жана балдарды коргоо боюнча пландар бекитилди.