Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келе жаткан Энелер күнү жакшы салтка айланып калган.

Бул атактуу күндүн урматына Октябрь акимиаты кымбаттуу апаларды куттуктады.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана акимдин орун басары Чынара Жаныкеева катышып, энелерди куттуктап, аларга сертификаттарды тапшырышты.

Энелер күнүндө социалдык коргоодо турган  “Баатыр эне”, “Эне даңкы” медалын алгандарга,   “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алгандарга, төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын каттоосунда 157 эне бар, алардын ичинен:
– «Баатыр эне» орденин алган – 91;
– “Эне даңкы” медалын алган – 66.