2024-жылдын 17 - майында саат 9:00 - 24:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
•Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – 7-апрель – Салиева көчөлөрү.
•Фрунзе – Курманжан Датка – Шабдан Баатыр – Лермонтов көчөлөрү.
•Лермонтов көчөсүнүн батыш тарабы Шабдан Баатыр проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.
Шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.