Бишкек шаарында 2024-жылдын 19-майында Т.Усубалиев атындагы аянтта “ONE RUN-2024” эл аралык жарым марафону таңкы саат 7:00дө башталат.

Жарым марафон 2000ге жакын спортчуларды жана сергек жашоону сүйүүчүлөрдү чогултат. Алар 21,1 км, 10 км, 5 км аралыктарга катышат. Ошондой эле, эң кичинекей катышуучулар үчүн балдар жарышы – 1 км аралыкта болот.

Спорттук иш-чаранын максаты - мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды активдүү жана сергек жашоого тартуу жана калк арасында спортту жайылтуу болуп саналат.

Ошондой эле жарым марафон бир убакта Египет, Бразилия, Камерун, Катар, Кытай, Бахрейн, БАЭ, Сербия, Түркия, Россиянын 89 аймагында, Беларусь Республикасы, Тажикстан, Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө пландаштырылган.

Иш-чаранын уюштуруучулары – Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясы жана "Баатырлар лигасы" спорттук массалык иш-чаралардын уюштуруучусу.

Жарым марафондо саат 6:30дан 10:00гө чейин схема боюнча унаа кыймылына чектөө киргизилет.