Октябрь районунда күйүүчү-майлоочу майлардын уруксатсыз стихиялуу соодасын жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.
МАБ кызматкерлери райондук мамлекеттик салык кызматынын жана МККБнын өкүлдөрү менен биргеликте Достоевский жана Карагул Акмат көчөлөрүндө рейд өткөрүп, 3 мыйзамсыз соода түйүнүн аныкташты.
Рейддин жүрүшүндө КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин негизинде жалпы суммасы 9000 сомго протоколдор түзүлүп, 220 литр күйүүчү май алынган.
Эскерте кетсек, мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.