Муниципалдык инспекция шаардыктардын "Ак-Өргө"конушундагы жолдордун булганышы тууралуу кайрылуусуна тиешелүү текшерүү жүргүздү.

ЖЭБ-2 Алыкулов көчөсү, 7/1 дарегиндеги карьерден оор жүк ташуучу унаалар чыккан учурда жолду булгагандыгы, ирригациялык тармактарды толтургандыгы, асфальтты, латокторду сындыргандыгы жана мурда берилген көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн айып пул салынды.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин  249, 177-беренелеринин  1 жана 2-бөлүгүн бузгандыгы, ошондой эле  434-беренесинин 1-бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн борбордук жылуулук электр борборуна жалпы суммасы 66 000 сом айып салынды.

Жогоруда аталган мыйзам бузууларды 3 жумушчу күндүн ичинде жоюуга көрсөтмө берилди.

Директордун орун басары жана Бишкек шаардык ЖЭБдин иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү протоколдун көчүрмөлөрүн кабыл алуудан баш тарткандыктан, акт жеринде түзүлдү. Протоколдордун көчүрмөлөрү почта кызматы аркылуу жөнөтүлөт.