Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  К.К.Ташиевдин  “Жаштар арасында наркобизнеске жана баңги заттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө” тапшырмасына ылайык,  жаштар арасында “Дени сак болуу - модалуу” деген ураандын алдында баңги заттарына каршы акция/жүрүштү уюштурууда.

Иш-чаранын максаты - жаштар арасындагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүнө көңүл буруу жана бул терс көрүнүш менен күрөшүү боюнча коомдук кыймылды активдештирүү. Акция жаштар арасында сергек жашоо образын колдоого жана баңги заттардан баш тарткан позитивдүү коомчулукту түзүүгө багытталган.

Акция/жүрүш 2024-жылдын 18-майында саат 10:00дө Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисинен   Орозбеков көчөсүнө чейин жана  Орозбеков көчөсү менен Чүй проспектисинен Т.Усубалиев атындагы аянтка чейин кыргыз  эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен уланат.

Урматтуу шаар тургундары, сиздерди бул маанилүү акцияга  кошулууга чакырабыз! Шаарыбыздын жана өлкөбүздүн дени сак жана коопсуз келечегин бирге түзөлү!