Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгынын адистери Садырбаев көчөсү, 308 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакты бошотуу иштерин жүргүзүштү.


Ленин райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн  билдирүүсү боюнча бул жерге габариттери 9,25 метр жана 5,2 метр, бийиктиги 3 метрди түзгөн капиталдык курулуш уруксатсыз тургузулган.


Мындан тышкары, аймак узундугу 6 метрден ашык пескоблок тосмо менен тосулган.
Жыйынтыгында бул объект  демонтаждалып, 48 чарчы метр муниципалдык жер мамлекеттик колдонууга кайтарылган.