18-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын музейлеринин эшиги борбор калаанын бардык тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.

Келүүчүлөргө көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу экскурсиялар уюштурулуп,  даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо,  шуру токуу, токуу боюнча мастер-класстар өтүп, поэзия кечеси да өткөрүлөт.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди музейлерде күтөбүз:

- Ольга Мануилованын мемориалдык музей-үйү. Дареги:  Тыныстанов көч., 108, телефон: 66 11 74;
- Чуйков көч., 87а дареги боюнча С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, телефон: 30 33 64;
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейи.  Дареги: Токтогул көч., 109, телефон: 62 38 30;
- Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы.  Дареги: Токтогул көч., 170, телефон: 88 46 11;
- А.Токомбаевдин мемориалдык үй- музейи. Дареги: Чуйков көч., 109, телефон: 30 03 57;
- Г.Айтиевдин музей-өнөрканасы. Дареги: Тыныстанов көч., 78, телефон 62 31 66.