Биринчи май районунда күйүүчү-майлоочу майлардын уруксатсыз стихиялуу соодасын жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

Алсак, акимчиликтин кызматкерлери райондун Мамлекеттик салык кызматынын, МККБнын жана МАБдын  өкүлдөрү менен биргеликте Профсоюз  көчөсүндө  Фучик көчөсүнөн Кустанай  көчөсүнө чейин рейд жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз соода кылган 3 пункт аныкталып, КР Укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 434-беренесине ылайык жалпы суммасы 9000 сомдук протоколдор түзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддер күн сайын жүргүзүлүүдө.