Бүгүн, 15-майдан тартып  №227 автобус каттай баштады.

Буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобус жүрө баштайт.

Маршруттун акыркы аялдамалары “Ак-Ордо”   жана Көк-Жар конуштары  болот. Бул линияда 20 автобус, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Бул иш-чара борбор калаанын коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн алкагында ишке ашырылууда.

Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.