«Өкмөттүк акселераторлор» программасын кеңейтүү иштеринин алкагында Октябрь районунда балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ошентип, мыйзамсыз иштеп жаткан үй тибиндеги бала бакчаларды аныктоо, ошондой эле алардын ишин билим берүү тармагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын «Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» долбоорунун алкагындагы тапшырмаларын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.