Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 22-беренесине ылайык, товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баасына же тарифине кошумча түрүндө белгиленүүчү, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө түздөн-түз байланышпаган кошумча нарк салыгы, акциздик салык жана сатуудан алынуучу салык сыяктуу салыктар кыйыр салык деп эсептелет.


Ага ылайык, Бишкек шаарынын 2023-жылдын 31-январындагы №67 катуу таштандыларды чыгаруу  тарифи салыктарды эсепке албастан бекитилген. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 364-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүгүнө ылайык, турмуш-тиричиликтик максаттар үчүн жеке жакка электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын сатуу гана сатуудан алынуучу салыктан бошотулат, бирок катуу калдыктарды ташып чыгарууда  бошотулбайт.


Буга байланыштуу “Тазалык” МИ  салык агенти болуп, бюджет менен акыркы керектөөчүнүн ортосунда жогоруда көрсөтүлгөн салыкты эсептөөгө, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү.